Биз социалдык тармакта

“Мен Германияны эмес, Аргентинаны эмес, Кыргызстанды колдойм” дейт калыс Бахадыр Кочкаров

“Бразилияда өткөн футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин финалында Германияны да, Мессинин Аргентинасын да колдогон эмесмин. Мен Кыргызстанды колдойм”,- деди бүгүн, 17-июлда маалымат жыйынында кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров.

“2018-жылы Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан бир эмес, үч калыстын катышуусун кыялданам. Бизде бир топ мыкты жаш калыстар бар. Аларды жакшы даярдап, ушул биринчиликке барууну каалайм”,- деди Кочкаров.

Кошумчалай кетсек, Бахадыр Кочкаров өзбекстандык калыс Равшан Ирматовдун бригадасынын курамында 4 беттеште калыстык милдетти аркалаган. “ЮАР-2010го” да барган жердешибиз Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхында 9 беттешти тейлеген калыс катары Равшан Ирматов менен биргеликте жаңы рекорд койгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
daniyar93
2014-07-17 11:24:06
АзамаТ Кыргызсандын атынан дуйно чемпионатында аянта чуркап журду ийгилик... Дагы да
+1
admin_portal
2014-07-17 12:51:09
Altyn198 - эскертүү!
Улуттар аралык бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
Bekzamann
2014-07-17 14:37:34
Азаматсыз! Албетте буюрса бизден бир эмес 3 калыс барат 2018 де
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан