9-13-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жергиликтүү тургундар, спорт сүйүүчүлөрү акысыз келип көрө алышат. Ал эми оюндар өтө турган ат майданы 7000дей көрүүчүнү батыра алат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда өткөн маалымат жыйынынын алкагында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов кабарлады.
“Стадиондун эскизи иштелип чыккан. Азыр кайра куруу иштери жүрүп жатат. Бул ат майданы 1-сентябрга чейин толук түрдө бүткөрүлөт”,- деди ал.