Испания курама командасынын машыктыруучусу Висенте дель Боске дагы эки жыл өз ордунда калат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Испаниянын футбол федерациясынын өкүлдөрү менен машыктыруучу кеңешип, мындан ары кызматташа берүү чечимин кабыл алышкан. Висенте дель Боскенин Футбол федерациясы менен болгон келишими 2016-жылы аяктайт. Испания курамасы Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда тайпадан чыга албай калганда 63 жаштагы адис мөөнөтүнөн мурда кызматын таштап кетүү планы жок экенин айткан. “Мен тиешелүү кишилер менен сүйлөшүп, менин 6 жылдык ишимди анализдедик. Жыйынтыгында федерация менин ишимди баалады. Акыркы 6 жыл ичинде Конфедерациялар кубогунда жана Дүйнө чемпиондугунда гана ийгилик коштогон жок”,- дейт ал.
Кошумчалай кетсек, Висенте дель Боске бул кызматка 2008-жылы дайындалып, Дүйнө чемпиондугун (2010) жана Европа чемпиондугун (2012) утуп алган.