Европалык футбол союзу (УЕФА) Украинадагы саясий кырдаалга байланыштуу Орусия менен Украинанын футболдук клубдарынын өз ара ойнобоосун шарттайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди УЕФАнын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети эки тараптын суранычын эске алуу менен кабыл алды. Чечим чыгарган уюм бул кадам түрдүү чуунун келип чыгуусуна бөгөт болот деген ишенимде. Ошол себептүү бүгүн, 18-июлда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тандап алуу турунда чүчү кулак таштоо учурунда питердик “Зенит” менен украиналык “Днепрдин” өз ара ойнобоосу үчүн чара көрүлөт.