Орусия Премьер-лигасынын акыркы 2 сезондогу мыкты оюнчусу, Орусия курама командасынын жарым коргоочусу Роман Широков “Спартак” клубунун курамына кошулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Буга чейин питердик “Зенитте” ойноп келген 33 жаштагы футболчунун канча жылга келишим түзгөнү тууралуу так маалымат жок. “Мага башка клубдардан сунуштар түшкөн, мен “Спартакты” тандадым. Жарым жыл мурун эле бул клуб менен келишим түзмөкмүн. Бирок ал кезде “Зениттин” жетекчилиги мага уруксат берген эмес”,- дейт футболчу.