Талас облусундагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери (аты аталган жок) бир катар мыйзамсыз иштери үчүн айыпталууда. Башкы прокуратуранын билдиришинче, кызматкердин 2011-жылкы былыктары ачыкка чыгыптыр. 2011-жылы ал жасалма документтердин негизинде А.Арыстанов атындагы орто мектептин мугалиминин атынан өзүнө 7900 сом ыйгарып алганы айтылды. Ушул эле жылы аталган мектепке түрткү берүүчү фонддон бөлүнгөн акчадан 15 700 сомду өзүнө өткөрүп алыптыр. 2011-жылдын декабрь айында дагы бир жасалма документтер менен аталган фонддон мектепке бөлүнгөн 112 376 сомду, мугалимдердин айлыгы үчүн берилген акчадан 101 049 сомду өзүнө бөлүп алган. Ошондо анын мамлекетке келтирген зыяны 237 025 сомду түзүп, 2014-жылдын 17-июлундагы текшерүүлөрдөн кийин кылмыш иши козголгону кабарланды. Учурда тергөө жүрүп жатат.