Ысык-Көлдө экинчи ирет азиялык жип фестивалы өткөрүлөт

4-9-август күндөрү Ысык-Көлдө “IKG-2014” 2-азиялык жип фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Көңүл ачуучу спорттук иш-чарада жол тандабастардын жарышына катышып келген Орусия, Казакстан, Кыргызстандын өкүлдөрү ат салышып, ар бир категориянын жеңүүчүлөрү сыйланышат.

Иш-чаранын максаты - дени сак жашоо образын жайылтуу, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана карым-катнашын бекемдөө.

Мындан тышкары көл жээгинде аниматорлордун сынагы жана Ысык-Көл өрөөнүнүн кооздугун көрүүнү каалагандар үчүн экскурсиялар уюштурулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан