Кыргызстандын аялдар курама командасы футзал боюнча Азия чемпиондугуна даярданып жатат

Кыргызстандын футзал боюнча аялдар курама командасы 4-13-октябрь күндөрү өтүүчү Азия чемпиондугунун тандап алуучу оюндарына машыгууну баштады. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, команданын биринчи чогулушу 12 күнгө созулуп, Каракол шаарында өтмөкчү. Кыргызстан Шри-Ланка, Өзбекстан, Бахрейн, Палестина жана Тажикстандын курама командалары менен “А” тобунда.

Оюндар өткөрүлүүчү күндөр:

4-октябрь: Өзбекстан — Кыргызстан;

6-октябрь: Шри-Ланка — Кыргызстан;

8-октябрь: Кыргызстан — Бахрейн;

11-октябрь: Палестина — Кыргызстан;

12-октябрь: Кыргызстан — Тажикстан.

Айта кетсек, топтун жеңүүчүсү кийинки жылдын Азия чемпиондугуна катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shiroker
2014-07-23 02:42:08
Yigilik Kyrgyzstanga!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан