Бишкекте милициянын каттоосунда турган өспүрүмдөрдүн арасында өткөрүлгөн спартакиада жыйынтыкталды

Бишкектин Октябрь районунда райондук милиция бөлүмүндө каттоодо турган 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн спартакиада 22-июль күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара спорттун беш түрү боюнча өттү: кичи футбол, сууда сүзүү, стол үстүндөгү теннис, дартс (учтуу шишти тактага таамай саюуга багытталган спорт түрү) жана жеңил атлетика. Оюндар Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду. Жеңүүчүлөр кубок, диплом, медалдар менен сыйланышты. Кичи футбол боюнча 1-орунду Биринчи Май району жеңди. 2-орунду Октябрь району ээлесе, 3-орунга Ленин району татыктуу болду. 

Ал эми стол үстүндөгү теннис боюнча 1-орунду Свердлов району ээлесе, дартста Биринчи Май району жеңди. Жеңил атлетика боюнча Свердлов району мыктылыгын көрсөттү. Ошондой эле сууда сүзүүдө да мыктылыгын көрсөткөн Свердлов районунун тургундарынан куралган команда 1-орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан