Ысык-Көлдө Нигериянын жаранын атып кетишти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен бүгүн, 23-июлда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, кечээ саат 12:30 чамасында Чолпон-Ата шаардык ооруканасына Нигериянын Али Тижжани абу Барака аттуу жараны алынып келинген. Аталган жаран далысына жаракат алганы белгилүү болгон. Ага дарыгерлер борбордогу №4-ооруканага багыттама беришкен.
Бүгүн Нигериянын жараны текшерүүдөн өткөрүлүп, анын денесинде белгисиз зат бар экени аныкталды. Алдын ала божомолдорго караганда, бул желим ок же травматикалык куралдын огу болушу мүмкүн. Нигериянын жаранына Чоң-Сары-Ой аймагынан ок тийгендиги айтылууда.
Учурда аталган окуя боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.