Франциянын “Монако” клубунда ойногон колумбиялык жарым коргоочу Хамес Родригес испаниялык “Реал Мадрид” менен 6 жылдык келишим түздү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 23 жаштагы футболчунун маянасы жылына болжол менен 5-8 миллион еврону түзөт. Ал эми “Реал Мадрид” Х.Родригес үчүн “Монако” клубуна 80 миллион евро төлөп берди.
Айта кетсек, Хамес Родригес Бразилиядагы Дүйнө биринчилигинде Колумбиянын улуттук курама командасында 5 оюнда 6 гол киргизип, мундиалдын мыкты бомбардири болду.