Бир айдан бери дайынсыз жоголуп жаткан кыз бүгүн Бишкектеги сойкуканадан табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары бүгүн, 24-июлда билдиришти.
Окуя болгон Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине бизди "дайынсыз жоголду" делип жаткан кыздын апасы чакырды. Өз кезегинде ал өз атын атабоону туура көрүп, төмөнкүлөргө токтолду: “Менин кызымдын 5 жаштагы баласы бар, жолдошу менен ажырашып кеткен. Акыркы мезгилде иштейм деп шаарды көздөй жөнөп калган. Кийин "Бишкекте, кафеде иштеп жатам" деп жүрдү. Үйгө келгенде ар убак Айнура деген кыз кошо келет же башка бир кыз болот. Үйгө түнөтүшпөйт, "апа, биздин кафеде тынбай банкет болот, кетишибиз керек" деп кетип калышат. Баласы аябай сагынып жүрдү, анан кызым акыркы бир айдан бери дайынсыз жоголуп кетти. Же телефону иштебейт. Издебеген жер калган жок. Бир күнү муну менен кошо ээрчип барган кыздардын бирин көрүп калып, ошол аркылуу бул жакка, Бишкекке келип таап алдым. Мен киргенде эки катар эшикти бекитип, камап отурушуптур, ачышпайт. Билишимче, кызымды коркутуп алып отурушкан. Бул жакта аны Эля деп чакырышат экен. Мен кирип келгенде баары качып кетишти”.
Окуя боюнча “Элядан” сураганыбызда ал: “Диля аттуу эже кызы Ошто бала багуучуда экенин айтып, "Чогуу барып келели. Биротоло эс алып келесиң" дегенинен жаман оюм жок баргам.
Ошто эже алып келген үйдө отуруп уктап калыптырмын, турсам "акча уурдадың, иштеп кутуласың" деп кармап, коё бербей коюшту. Ал жактан бир бала качырып, Бишкекке келип Айнура эжеге жолуктум. Бул жакта жүрсөм Айнура эже "32 миң сом уурдап алыпсың, карызсың" деп баштады. "Мен эч нерсе алган эмесмин" десем, "милицияга берем" деп коркутуп, "2 ай иштейсиң, анан каалаган жагыңа кете бер" деди. Ошондон бери үйдөгүлөр менен байланыша албай жүргөм”,- деп билдирди. Ал эми аталган кыз акыркы убакта жашап жаткан үйдүн ээлери ким экени белгисиз бойдон калды. Себеби кызын издеп келген жарандар бул үйгө кирип келишкенде 10го чукул кыз качып кетишкени белгилүү болду.
Бул боюнча милиция кызматкерлерине кабарланып, алар окуя болгон жерге келип чоо-жайы менен таанышкан соң, жабырлануучулардан арыз алуу үчүн аларды Ленин райондук аймактык милиция бөлүмүнө алып кетишти. Өз кезегинде милиция кызматкерлери окуя боюнча азырынча кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартышты.