Түштүк Кореянын Инчхон шаарында 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 19 спорт түрүнөн 80ге чукул спортчу катышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда маалымат жыйынында Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов билдирди.
“Азыркы учурда улуттук курамдын мүчөлөрү кызуу даярдык көрүп жатышат. Негизги курамды азырынча так аныктай элекпиз. Мунун үстүнөн иштеп жатабыз”,- деди К.Эргешов.
Ошондой эле Кыргызстандын делегациясына 30 машыктыруучу, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жана Улуттук Олимпиада комитетинин мүчөлөрү кирди.
Азия оюндарынан 1-орун алган спортчуга 1 миллион 250 миң сом, 2-орун үчүн 750 миң жана коло байге ээсине 500 миң сом мамлекет тарабынан сыйлык берилет. Алардын машыктыруучуларына бул сумманын 25 пайызы каралган.