Балбан Адилет Маматаев Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды

25-27-июль күндөрү Казакстандын Тараз шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Динмухаммед Кунаевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште балбан Адилет Маматаев күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Казакстандагы Грек-рим жана кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча федерациянын расмий сайты жазып чыкты. 

Кыргызстандык балбан 61 килограмм салмакта финалга чыгып, казакстандык спортчу Даулет Ниязбековго утулуп калган. Кыз-келиндер жана уландар арасында өтө турган мелдешке Кыргызстан, Иран, Италия, Украина, Өзбекстан, Нигерия, Тажикстан, Монголия жана Казакстандын спортчулары катышты. Маалыматка ылайык, жеңүүчү 5 миң доллар өлчөмүндө сыйлык алды. Ал эми 2-орунду багынткандар 3 миң доллар, коло медаль алгандар жана балбандардын устаттары 1 миң доллардан акчалай сыйлыкка ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан