Бүгүн, 30-июлда Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде “Кийиз+FILZ” Эл аралык көргөзмөсү ачылды. Ага Кыргызстан менен Германиянын чеберлери Чолпон Дэмут-Осмоналиева, Андреа Бауманн, Инге Бауер, Сузанне Марквадинг, Регина Матмүлер-Майер, Карин Мертес, Лида Румп Андреа Ульманн, Моника Фияла, Зигрид Шварценбергер, Эркебү Жумагулова, Нурзат Жээнбек кызы, Анара Искакова, Алексей Лысогоров, Валерий Руппель жана башкалар катышышты.
Көргөзмөгө "Wollknoll" германиялык кийиз мектебинин доценттеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн, Германия, Голландия, Люксембург, Кыргызстандын салттуу чеберлеринин жана заманбап сүрөтчүлөрдүн саякат темасындагы эмгектери коюлду. Мындан тышкары кийизден жасалган кийимдер тартууланды.
“Кийиз – байыркы зат, ал кыргыздар баштаган көчмөндөрдүн жашоо-турмушунан улам дүйнөлүк маданиятка кирген. Анын табигый тегин кыргыздын кол өнөрчү устаттары кылымдар бою изилдеп, өнүктүрүп келишкен. Мындан улам кийизди иштетүү технологиясы жана өндүрүү ыкмасы көп түрдүү жана бул заттын жаңы мүмкүнчүлүктөрү барган сайын кеңейүүдө”,- деп билдиришет уюштуруучулар.
“Кимдир бирөө саякаттап жүрсө, албетте, анын айтып берчү окуясы бар. Мен ошол барган жеримди куттуктоо баракчалары аркылуу көрсөткүм келет. Бүгүнкү бардык жаңылыктар интернет аркылуу жиберилсе дагы, саякаттап жүргөндө жакындарыбызга куттуктоо барагын жиберген адатыбыз сакталып калды. Менин куттуктоо барактарым кап-меринос жүнүнөн басылган кийиздин үстүнө үч түрлүү ыкма менен түшүрүлгөн”,- дейт эмгеги тууралуу Карин Мертес.
“Биз саякаттап жүргөндө көптөгөн нерселерге кабылабыз. Ошолордун аркасынан биздин өмүр бою эсте калчу окуяларыбыз пайда болот эмеспи. Менин жумушумда ошол ар бир адамдын эсте калган уникалдуу, бирине бири окшошпогон окуяларын кат-кат болгон кийиз менен чагылдыргым келди. Алардын биринде кабыгы жаңыланып жаткан бактын кыртышын алдым, дагы биринде адамдардын бири-бирине жолугушуусу чагылдырылган”,- дейт Чолпон Дэмут-Осмоналиева.
“Саякаттоо – мен үчүн алдыга дагы бир кадам жасоо, дагы бир башка маданиятка жана башка боёкторго жолугуу. Мен базальт таштары аркылуу (базальт таштары – жанар тоонун лавасы кургап калгандан кийинки формадагы таштар) кадам сайын башка маданиятка жана ошондой эле таштардын арасынан көргөндөй башка боёкторго жолугам”,- дейт Лида Румп.
Кийиз өзүнүн уникалдуу касиетинен улам дүйнөдөгү устаттардын жана сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгында сүйүктүү материал болуп саналат. Ошондой эле кийиздин уникалдуулугу эмгектердин ар түрдүүлүгүнөн байкалат.
Кошумчалай кетсек, көргөзмө 14-августка чейин уланат.