Бүгүн, 2-августта Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Сарайында бокс боюнча
улуттук курама командалар арасында мелдештин биринчи күнү аяктады.
Анын жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын курама командасынын 10 боксчунун 8и Түркмөнстандын курамасы менен кез келип, жеңишке жетишти. Ал эми Орусия Кытайды 7:3 эсеби менен жеңди.
Айта кетсек, аталган мелдеште боксчулар 10 салмактык бөлүктө (49 кг, 52, 56, 60, 64, 69, 75, 81, 91, 91 килограммдан жогорку салмакта) катышууда. Финалдык беттештер эртең, 3-августта саат 14:00дө башталат.