Ысык-Көлдө 4-12-сентябрь күндөрү өтө турган XIV Эл аралык спорттук оюндарына Казакстан, Орусия жана Азербайжан өлкөлөрү катышуу ниетин билдиришти. Ошондой эле Беларусь жана Тажикстандын спортчулары да катышары күтүлүүдө. Аталган эл аралык оюндар "Азия - кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы" деген ураандын астында өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Агенттиктин директору Кадырбек Эргешовдун айтымында, иш-чара мамлекеттик бюджеттин көмөгүсүз өткөрүлүүдө. Улуттук оюндарды жайылтуу максатында программага жамбы атмай, кум үстүндөгү күрөш, эр эңиш, кыргыз күрөш сыяктуу оюндар киргизилди. Эл аралык спорттук оюндардын салтанаттуу ачылышы 9-сентябрь күнү орун алат. Жалпысынан спорттун 18 түрү (волейбол, кум жээктеги волейбол, кум үстүндөгү күрөш, гиря көтөрүү, жеңил атлетика, кичи футбол, кум жээктеги футбол, стол үстүндөгү теннис, сууда сүзүү, аркан тартмай, армрестлинг, дартс) боюнча өткөрүлөт.