Ушул жылдын 8-августунан баштап Кыргызстанда жол эрежелерин бузууга болгон айып пулдардын өлчөмү жогорулатылды.
Аталган мыйзам күчүнө кирген алгачкы күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматы менен биргеликте рейдге чыктык.
Тактап айтканда, Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери Жаркынбек Жусупбеков жана Бакыт Карамурзаевдин Москва жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежелеринин сакталышына көзөмөл кылуусуна байкоо салып келдик.
Айдоочулар нааразы
Чынында, айдоочулардын көпчүлүгү айып пулдардын жогорулатылгандыгы тууралуу кабардар болгону менен, бул өзгөрүүгө нааразы экендиктерин билгизип жатышты.
Аты-жөнүн атабоону туура көргөн айдоочу: “Бул жогорулатуу коррупциянын өнүгүшүнө эле жол ачат. Карапайым калктын жонунан кайыш тилмей аракети. Адегенде мамлекет, чиновниктер кирешени, айлык акыны көтөрүп, анан айып пулдарын жогорулатса болмок. Эч бир шарт түзүшпөйт. Жөнөкөй мисал, туура эмес токтотууга (парковка) 1000 сом айып экен. Унаа токтотууга аз эле орун каралган. Батпай каласың, анан кайда токтотобуз? Биринчи ошол орундарды даярдап туруп, анан айып коюшпайбы?!”- деген оюн билдирди.
Бул тууралуу ЖККнын кызматкери Жаркынбек Жусупбековдон сураганыбызда: “Унааны туура токтотсо болот. Бирок элибиз жалкообу, билбейм, дал ошол жумушу бар имараттын же бир башка мекеменин, аялдаманын тушуна келип токтотуп салышат. Унаа коюучу жайга, орундарга токтотуп, басып келсе деле болот да. Мисалы, Москва көчөсүндөгү аялдамага токтотушат, ал жерде акча алмаштыруучу жайлар бар эмеспи. А Бөкөнбаев көчөсүндө унаа токтото турган орундар бош эле турат. 50-100 метр аралыкка жөө деле басып келе койсо болот го”,- деди.
Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери иш алып барып жаткан учурда айдоочулардын көпчүлүгү аларга карата “түшүнүп койчу эми” деген сөздөрдү көп колдонушары байкалды. Жолдо унаа менен жүрүүдө мыйзам эмес, “кыргызчылык” көбүрөөк үстөмдүк кылгандай. Ал эми Жол-кайгуул кызматкерлери мыйзам чегинде протокол түзүп баштаганда айдоочулардын сөгүнүп, ар кандай жаман сөздөрдү айта бериши кадимки көрүнүшкө айланыптыр.
ЖКК кызматкери Бакыт Карамурзаев буларды кошумчалады: “Кээ бир айдоочулар түшүнүү менен кабыл алышат, айрымдары өздөрүнүкүн беришпейт. Чоң эле эжелерге түшүндүрүп жатсаң, сотко берем, тигиге айтам, буга айтам деп башташат. Өздөрү эрежени бузушат, анан мыйзамдуу чарага көнүшпөйт”.
Кызматына чиренгендерге айып пулдун жогорулашы кандай таасир этет?
Чынында, сырттан көз салып турган адамга жарандарыбыздын айдоочулук маданияты абдан эле төмөн экендиги байкалат. Маселен, ЖККнын аталган эки кызматкери аялдамага токтогон унааларга эскертүү берип, токтобоону буюргандан кийин эле бөлөк айдоочулар аялдамага заматта толуп калып жатышты. Ал эми мыйзамдуу түрдө протоколдор толтурулуп, айып пул салынганда айдоочулук күбөлүктөрүн бербей, телефон аркылуу бирөөгө чалып, жогору жактагы адамдарга чиренгендер чыгат экен. Буга катар ошол эле укук коргоо органдарындагы мамлекеттик кызматтагы адамдар жол эрежелерин көбүрөөк бузары байкалды. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Олжобай Казабаев төмөндөгүдөй ою менен бөлүштү: “Ал ачуу чындык. Укук коргоо органдарынын, мамлекеттик кызматтагы адамдардын күбөлүк көрсөтүп, же болбосо “свои” деп коюп жол эрежелерин буза бермей фактылары көп катталат. Бирок мыйзам алдында бардыгыбыз бирдейбиз да. Айып пулдарды жогорулатуунун негизги максаты жол эрежелерин бузууну азайтуу болуп эсептелет. Бирок кызматына чиренип же органдан экенин айта берсе, мыйзамдар карапайым калкка эле иштеп калат. Андыктан жанагы “крыша” болгондорго, кызматына таянгандарга коомчулук жапа тырмак күрөшүшү керек”.
Акырында айып пулдардын жогорулатылышы карапайым калкты эле кыйнамайга салган кезектеги мыйзам экендиги белгилүү болуп калгандай. Себеби мыйзам сакчылары: ошол эле милиция, УКМК, прокуратура кызматкерлери, чиновниктер, депутаттар өздөрү баш болуп мыйзамды аттап өтүп, кызматына салып мыйзамдуу жоопкерчиликтен кутула беришчүдөй.
Дегеле жолдо жүрүүдө, коомчулукта жетиштүү тарбия, жоопкерчилик, мамлекетти, элди, бири-бирин сыйлоо сезимдеринин жок экендиги ачык көрүнөт. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн айып салуу, айып пулду жогорулатуу аздык кылгандай туюлат.