Орусия 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугун өз үйүндө кабыл алуу үчүн даярдык көрүп баштады. Оюндар Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 футбол талаасында орун алат.
Ал эми Саранск шаарында 45 миң көрүүчүгө ылайыкташкан стадион курулат. Тийиштүү документтин долбоорунун айрым бөлүмдөрү Орусия өкмөтү тарабынан жактырылды. Бул тууралуу 9-августта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Стадион курула турган аймакка административдик, социалдык-маданий имараттар, мейманканалардын курулушу жүргүзүлөт. Ошондой эле ишкердик борбору, унаа токтотуучу жайы бар эки соода комплекси, соода жана көңүл ачуучу борбор, 4 жылдыздуу эки мейманкана жана тик учак конуучу аянт курулат. 2018-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 8-июндан 8-июлга чейин орун алат.