Бүгүн “№47-түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басарын бычак менен сайган” деп шектелген 2 жарандын иши сотто каралат

Бүгүн, 13-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук соту “№47-түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Милан Шакиевди бычак менен сайган” деп шектелип кармалган 2 жарандын ишин карайт. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири Нуркемел Искендеровдун апасы Мырзайым Токтобаева билдирди.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында №47-түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Милан Шакиевди белгисиз 4 адам бычак менен сайып кеткен. Бул кылмышка шектүү катары үстүбүздөгү жылдын башында Тимур Айткожоев жана Нуркемел Искендеров кармалган эле.

SUPER.KG порталына айыпталуучулардын бири Нуркемел Искендеровдун апасы Мырзайым Токтобаева кайрылып, баласынын күнөөсү жок экенин, жасабаган кылмышты мойнуна алдыруу үчүн сабашканын айткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан