Быйыл Кыргызстанда бильярддын "Кураштырма пирамида" түрү боюнча эки чемпиондук орун алат. Ысык-Көлдө 23-августта 18 жашка чейинкилер арасында чемпиондук башталса, 27-31-август күндөрү уландар арасында оюндар өтөт.
Турсунбай Бакир уулу каржы жактан колдоо керектигин айтып: "Турнир өткөрүп жаткан уюм катышуучулардын жолун, тамак-ашын жана жашаган жерин төлөп берет. Биз ишкерлерди колдоо көрсөтүүгө чакырабыз",- деди.