Германиянын Суперкубогунда дортмунддук "Боруссия" "Баварияны" 2:0 эсеби менен жеңип алды

Германиянын Суперкубогунда дортмунддук "Боруссия" "Баварияны" 2:0 эсеби менен утуп алып, алтынчы жолу (1989, 1995, 1996, 2008, 2013, 2014) жеңүүчү болду.
Оюндун 23-мүнөтүндө "Боруссиянын" жарым коргоочусу Генрих Мхитарян эсепти ачты. Ал эми экинчи голду чабуулчу Пьер-Эмерик Обамеянг 62-мүнөттө каршылашынын дарбазасына киргизди.
Оюндан кийин "Боруссиянын" башкы машыктыруучусу Юрген Клопп: "Бавариялыктардын жеңүүгө мүмкүнчүлүктөрү аз болгон. Алар гол киргизүүгө коркунуч келтиришкен жок. Биздин коргоочулар мыкты ойношту десек болот. Бул оюн жакында баштала турган сезонго 100 пайызга даяр экенибизди далилдеп берди",- деди.
"Бавариянын" чабуулчусу Роберт Левандовски: "Боруссия" бүгүн бизге караганда мыктыраак болду. Сезондун башында ар дайым оор болот. Бирок кийинки мелдеште биз жакшыраак оюн көрсөтөбүз",- деп билдирди.
Германиянын Суперкубогу: Дортмунддук "Боруссия" - "Бавария"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sportsmen.boy
2014-08-14 13:15:19
Кайран Левандовский десе.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан