Кытайдын Нанкин шаарында 7 кыргызстандык спортчунун катышуусундагы II жаштар арасындагы Жайкы Олимпиада оюндары старт алды. 16-28-август аралыгында өтө турган мелдеш алкагында бүгүн, 18-августта кыргызстандык спортчулар күч сынашат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 6 спорт түрү боюнча аттанган кыргызстандыктардын ичинен бүгүн 10 метр аралыкка ок атуу боюнча Дмитрий Гутник өз күчүн сынамакчы.
Кошумчалай кетсек, мелдеште жалпысынан 31 спорт түрүнөн 88 комплект медаль ойнотулат.