Нариман Түлеевдин соту 26-августка жылдырылды

Нариман Түлеевдин сот иши 26-августка жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта өткөн соттук отурумда белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, сотко Түлеев оорусуна байланыштуу келе алган эмес жана анын ооруп жаткандыгы тууралуу медициналык маалым кат сот залына алынып келинген.

Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kursantbek
2014-08-19 11:36:49
Тулеевдин соту деле болбойт окшойт дагы Бир эки Жолу жылдырат анан убактысы бутту чыгарып жиберет анан кайра еле депутат болуп бархат)))))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан