Теннис боюнча Американын Ачык биринчилигине Рафаэль Надаль жаракатынан улам катышпайт

Испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири АКШнын Ачык чемпиондугуна жаракатынан улам катышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта белгилүү болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 25-августтан 7-сентябрга чейинки убакыт аралыгында өтө турган мелдештин байге фонду 30 миллион долларды түзөт. Мелдешке жаракаттан улам испаниялык Николас Альмагро, аргентиналык Хуан Мартин дель Потро да катыша албайт.

Эске салсак, өткөн жылы бул ири мелдеште дал ушул Рафаэль Надаль жеңүүчү аталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан