Кыргызстандык шахматчылар Дүйнөлүк Олимпиададан кийин гроссмейстер даражасына жетишишти

Кыргызстандык шахматчылар 15-августта Норвегияда жыйынтыкталган Дүйнөлүк Олимпиадада көрсөткөн оюндарынын жыйынтыгында шахматтагы эң жогорку даража болгон гроссмейстер даражасынын нормасын толтурушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.  

Анда маалымдалгандай, аты аталган шахмат чеберлери эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы гроссмейстерлер. Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) эрежеси боюнча, шахматчы үчүн 4 даража бар: талапкер, спорт чебери, эл аралык спорт чебери жана гроссмейстер.

Кошумчалай кетсек, шахмат боюнча Дүйнөлүк Олимпиада 174 мамлекеттин катышуусунда өтүп, курамалар 5 тайпага бөлүнүп оюн көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында Кыргызстан курамасы “С” тайпасында 11 оюндун жетисин утуп, жеңишке жетишти. Ал эми бардык тайпалардагы жыйынтыктарды эске алганда, кыргызстандыктар командалык эсепте 34-орунду ээлешти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bossmos7
2014-08-19 14:34:58
Азаматтар!
0
Ganibal87
2014-08-20 01:27:35
Молодцы!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан