Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын 1972-жылы туулган тургуну кечээ, 19-август күнү саат 09:30 чамасында Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо борборунан 3 суучул жана №5-адистештирилген өрт коопсуздугу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылышкан. Бирок чөгүп кеткен адам табылган эмес. Издөө иштери бүгүн да улантылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-августта билдирди.