Жаштар арасындагы Олимпиада оюндарында дзюдочу Ростислав Дашков Кыргызстанга алгачкы медалды алып келди

Кытайдын Нанкин шаарында өтүп жаткан II жаштар арасындагы Олимпиада оюндарында дзюдочу Ростислав Дашков Кыргызстанга алгачкы медалды алып келди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Р.Дашков 100 килограмм салмактык бөлүктө күчүн сынап, финалда ирандык Рамин Сафавиех менен кез келди. Финалдык беттеште жеңилүүдөн кийин кыргызстандык спортчу күмүш медаль тагынды. Кыргызстандан аталган мелдешке 7 спортчу аттанган.

Кошумчалай кетсек, 4 жылда бир өтүүчү жаштар арасындагы Олимпиада оюндарынын алгачкы уюшулганында (2010-жыл, Сингапур) кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 2 коло медаль алышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
leilek85
2014-08-20 10:41:46
Кумуш болсо да,биз учун алтынга тете болуптур.Азаматсын!!!
+1
insap
2014-08-20 11:28:43
Чыныгы азамат екен, уландуу сүйүнчү күтөбүз!
0
Ganibal87
2014-08-20 21:40:03
Эркек екенсин бундан аары да кыргызстандын байрагын желбиретип журобер молодец!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан