Бишкектеги “Аккула” ат майданында Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш өтөт. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мелдеш 23-августтан 31-августка чейинки аралыкта жүрөт.
Ага 15ке чукул командалардын катышуусу күтүлүүдө. Мелдештин жалпы байге фонду 2 миллион сомду түзөт. Биринчи орунду ээлеген команда 1 миллион сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болот. Чүчү кулак 22-августта ташталары күтүлүүдө. Финалдык беттеш 31-августта орун алмакчы.