Кемин районунда 7 орундуу унаа жардан кулап, айдоочусу каза тапты

Кемин районунда 7 орундуу унаа жардан кулап, айдоочусу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-августта билдирди. 

Маалыматтарга караганда, Орловка-Кашка жолунда КИА үлгүсүндөгү автоунаа жардан кулаган. Унааны башкарып бара жаткан Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарынын тургуну, 1994-жылы туулган Нышанов  Анвардын рулду башкара албай калгандыгы кырсыкка себеп болгон. 

Куткаруучулар Нышанов Анвардын жансыз денесин алып чыгышып, "Тез жардам" автоунаасы аркылуу Кемин райондук өлүкканага жеткирилген. Автоунаанын ичинде башка адам болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан