Бишкек шаарындагы жол кырсыгынан жөө жүрүүчү каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 21-августта билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 20-августта саат 22:30 чамасында Жибек-Жолу көчөсүндө катталган. Анда 30 жаштагы айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 19 жаштагы бала жараат алып, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, жабырлануучу ооруканада каза болгон. Учурда унаа айып жайга токтотулуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.