Сокулук районунун Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери “кызмат абалынан пайдаланышкан” деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 21-августта билдирди.
Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызматкерлери Орок айыл аймагына караштуу 3 гектар жер тилкесин бөлүктөргө бөлүп, жеке менчикке өткөрүп жиберишкен. Анын кесепетинен айыл чарбага ылайыкташкан жерге үйлөр курула баштаган.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.