Кыргызстандык спортчу Никита Пауков сууда сүзүү боюнча Орусияда өткөн эл аралык мелдеште 13 жашка чейинки спортчулар арасында биринчи орунду жеңип алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 14-17-август аралыгында Волгоградда өткөн мелдеш 3 жолку Олимпиада чемпиону Евгений Садовдун жана Олимпиада оюндарынын байге ээси Василий Ивановдун сыйлыгы үчүн уюшулган. Спортчулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 4 категорияда күч сынашышкан. 13 жашка чейинкилер арасында Н.Пауков 2 алтын медаль (бирин 200 метр аралыкка комплекстүү сүзүүдө, бирин чалкалап 100 метрге сүзүүдө алган) жана 1 коло медаль (100 метрге эркин сүзүүдө) тагынды.