Жосунсуз жоруктары менен белгилүү болгон футболчу Марио Балотелли “Миландан” “Ливерпулга” өтөт

Футбол боюнча Италия курама командасынын чабуулчусу Марио Балотелли италиялык “Милан” футболдук клубу менен коштошуп, англиялык “Ливерпулга” өтөт. Мындай маалыматты бүгүн, 21-августта чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, италиялык футболчу үчүн Англиянын 2013-жылдагы вице-чемпиону “Ливерпуль” 21 миллион доллар сарптайт. Келишим канча убакытка түзүлөрү жана футболчу клубда ала турган маянанын суммасы азырынча белгисиз.

Кошумчалай кетсек, Марио Балотелли буга чейин Англиянын Премьер-лигасында ойногон. “Манчестер Ситинин” курамында ал машыктыруучу Роберто Манчини менен мушташкандан башка бир топ жосунсуз жоруктарды жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jolbors8989
2014-08-21 18:18:25
bul fudbolchu onolboyt bari bir
0
joodar.kg
2014-08-21 20:37:29
Добро пожаловать в Ливерпуль...........
0
Alisher
2014-08-21 20:47:44
Жоосунсуз болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан