Баш калаада балдардын жана өспүрүмдөрдүн Жайкы Спартакиадасы аяктады. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 21-августта "КРнын Дене тарбия жана спорт агенттигинин стадионунда спартакиаданын жеңил атлетика боюнча мелдештери жыйынтыкталды" деп билдирди.
Жалпы командалык эсепте Ленин районунун жаш спортчулары 1-орунга жетишишти. 2-орунду Свердлов, 3-орунду Биринчи Май райондорунун командалары камсыз кылышты. Спартакиаданын жеңүүчүлөрү медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.