Кечээ, 21-августта Азия оюндарына футбол боюнча катыша турган курамаларын тайпаларга бөлүү салтанаты болуп өттү. Анда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы Иран жана Вьетнам курамалары менен бир тайпага түштү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, 19-сентябрда башталары күтүлүп жаткан Азия оюндарына 23 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курама командалар катышат. Жобо боюнча курамда 23 жаштан жогорку 3 гана футболчу болууга тийиш.