«Атлетико» - «Реал» 1:0
Гол: Марио Манжукич (2-мүнөттө)
22-августтан 23-августка караган түнү футбол боюнча Испаниянын Суперкубогунда мадриддик клубдар «Реал» (Испаниянын Кубогунун ээси) менен «Атлетиконун» (Испаниянын Лигасын уткан команда) ортосунда жооптук оюн орун алды. Биринчи оюнда 1:1 эсебинде тең чыгып калган командалар оюнду жогорку ылдамдыкта башташты. Коргонууга ыктап, мыкты каршы чабуул менен айырмаланган командалардын ортосундагы оюнда эсептин мынчалык тездикте ачыларын эч ким болжобосо керек. «Реалдын» коргоочулары орой ката кетирип, Марио Манжукич эсепти ачууга жетишти. «Атлетико» ушул эсепти 90 мүнөт бою сактап турду да, суперкубокко ээ болду. Ооба, кудум өткөн сезондо Испаниянын Лигасын утуп, «Реал» менен «Барселонаны» чемпиондуктан куру калтырган сыяктуу…