Аргентиналык футболчу Анхель ди Мария мадриддик “Реалды” англиялык “Манчестер Юнайтедге” алмаштырат. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Анхель ди Мария менен “Реалдын” ортосундагы келишим 2018-жылы аяктамак. Бирок 26 жаштагы футболчу ушул жылы клубдан кетүү тууралуу оюн айтып келген. Футболчу үчүн “Манчестер Юнайтед” 75 миллион евро төлөй турганы айтылууда.
Кошумчалай кетсек, Анхель ди Мария “Реалдын” курамына 2010-жылы келип кошулган. Ал мадриддик клубдун формасы менен 190 ирет майданга чыгып, 37 гол жараткан. Клуб менен Испаниянын чемпиондугун (2012-жылы), Испаниянын Кубогун (2011, 2014) жана УЕФАнын Чемпиондор Лигасын утуп алган.