31-август күнү Ош шаарындагы эс алуу жайларында спорттун 7 түрү боюнча иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, ага бардык шаар тургундары катыша алышат. Ал күнү Навои атындагы эс алуу багында шахмат, стол үстүндөгү теннис, ордо, тогуз коргоол боюнча мелдештер өтөт. Ал эми Борбордук стадиондо аркан тартыш, оордукту көтөрүү, көл күрөш боюнча мелдештер орун алмакчы.
Жеңүүчүлөргө Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер берилет.