Бишкекте бөтөлкөлөшү тарабынан сабалган жаран көчөдө каза тапты

Бишкекте бөтөлкөлөшү тарабынан сабалган жаран көчөдө каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-августта билдирди.

Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Арал көчөсүнөн 34 жаштагы Игорь аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Иликтөөдө Игорь Татьяна жана Владимир аттуу адамдар менен спирт ичимдигин ичип жүргөндүгү белгилүү болгон. Кийин Владимир аттуу бөтөлкөлөшү Игорду "30 миң сом акчаны уурдап алдың" деп Павел аттуу досу экөө сабап салган. Алган жараатынан Игорь үйүнө бара жатып каза тапкан. Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан