Алжирдин Футбол федерациясы күйөрмандар трибунадан ыргыткан таш башына тийип көз жумган футболчу Альбер Эбоссенин үй-бүлөсүнө 100 миң доллар компенсация берет. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, футболчунун клуб менен келишими бүткөн убакытка чейин анын маянасы ата-энесине берилип турат.
Кошумчалай кетсек, окуя 23-август күнү 24 жаштагы Эбоссе ойногон “Кабилия” клубу менен “Алжир” клубунун ортосундагы оюндун аягында катталган. Оюн 2:1 эсебинде “Алжир” командасынын пайдасына чечилсе, команданын жалгыз голун Эбоссе киргизген. Оюндан кийин күйөрмандар трибунадан таш жана башка нерселерди ыргыта башташкан. Башына таш тийип, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген футболчу ооруканада көз жумган. Альбер Эбоссе 17 гол киргизип, мелдештин бомбардирлеринин башкы сабында келе жаткан.