Эгемендүүлүк күнүнө карата КРнын Президентинин кубогуна арналган көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалчылары аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан Табылды Асыгалиев билдирди.
Анын айтымында, жарым финалга “Талас”, “Датка”, “Кабылан” жана “Бөрүлү” командалары чыкты. Жарым финалдык оюндар 28-августта өтөт. Алгачкы оюн саат 10:00дө башталат.
Кошумчалай кетсек, мелдештин жалпы байге фонду 2 миллион сомду түзөт. 1-орунду ээлеген команда 1 миллион сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык алат.