Жосунсуз жоруктарынан улам Супер Марио атка конгон Марио Балотелли англиялык “Ливерпуль” менен келишим түздү (фотолор)

Италиялык футболчу Марио Балотелли “Милан” клубун англиялык “Ливерпуль” менен алмаштырды. Трансфер 20 миллион еврону түздү. Футболчу жаңы клубунда жылына 6 миллион евро маяна алат. Бул тууралуу клубдун расмий сайты билдирди.

“Менин италиялык клубга өткөнүм карьерамдагы жаңылыштык болгон. Мага Англиянын футболу жагат. Жаңы командамда жаш жана мыкты футболчулар чогулган”,- деп билдирди футболчу алгачкы маегинде.

Учурда “Милан” Балотеллинин ордуна ылайыктуу чабуулчуларды карап жатканы айтылууда. Жакын арада италиялык клубдун формасын Жексон Мартинес (“Портуда” ойнойт), Андре-Пьер Жиньяк (“Марсель”), Альваро Негредо (“Манчестер Сити”) жана Роберто Сольдадо (“Тоттенхэм”) сыяктуу футболчулардын бири кийип калышы мүмкүн. 

Футболчу мыкты оюнунан сырткары жосунсуз жоруктары менен да айырмаланат. Ал өзүнүн "супер" жоруктарынан улам Супер Марио деген атка конуп калган жайы бар. Төмөндө футболчунун карьерасындагы тандалма сүрөттөргө орун бердик. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан