Ысык-Көлдө бильярд боюнча өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун алтын жана күмүш медалдарын кыргызстандык бильярдчылар тагынышат. Финалга Дастан Лепшаков менен Чыңгыз Жолочиев чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына бильярдчы Ильяз Адамов билдирди.
Анын айтымында, жарым финалда кыргызстандыктар жеңишке оңой жетишти. Финалдык беттеште да бири-бирине бошотуп берүү үчүн эмес, чемпиондук үчүн ойношот. Лепшаков жарым финалда Орусиянын өкүлү Иосиф Абрамовду утса (5:0 эсебинде), Ч.Жолочиев украиналык Андрей Клестовдун үстүнөн жеңишке жетишти (5:2). Финалдык беттеш бүгүн, 26-августта орун алат.