Бильярд спортунун кураштырма пирамида түрү боюнча 18 жашка чейинкилер арасында Ысык-Көлдө өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында кыргызстандык бильярдчылар кез келип, алтын жана күмүш медалдарды тагынышты. Бул тууралуу бильярд боюнча өткөн мелдештердин расмий сайты маалымдады.
Маалыматка ылайык, 26-августта өткөн финалдык оюнда Дастан Лепшаков менен Чыңгыз Жолочиев кез келди. Натыйжада жеңишти Дастан Лепшаков камсыздап (6:2 эсебинде), 18 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону болду.
Кошумчалай кетсек, бүгүн, 27-августта бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар арасында Дүйнө биринчилиги старт алат.