Самуэль Это'О англиялык “Эвертондун” футболчусуна айланды

Камерундук футболчу Самуэль Это'О англиялык “Эвертон” клубу менен 2 жылдык келишим түздү. 33 жаштагы футболчунун "Челси” менен келишими быйыл бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн сезондо Это'О “Челсинин” курамында Англия Премьер-лигасында 21 оюн өткөрүп, 9 гол жараткан. Ага чейин футболчу махачкалалык “Анжи”, италиялык “Интер”, испаниялык “Барселона”, “Мальорка”, “Эспаньол”, “Леганес” жана “Реал” клубдарында ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sportsmen.boy
2014-08-27 16:45:32
Самюель Это' О жакшы оюнчу эле, бирок азыр жашы отуп бара жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан