Англия курама командасынын оюнчусу, учурда “Манчестер Сити” футболдук клубунда ойноп жаткан Фрэнк Лэмпард мындан кийин улуттук курамда ойнобойт. Футболчунун мындай чечимди кечээ, 26-августта жарыялаганын чет элдик маалымат булактары кабарлады.
“Көпкө ойлонуп, бул чечимди кабыл алдым. Мен курама команданын формасын сыймыктануу менен кийип келгем. Англия курамасы жаңы деңгээлге чыгышы керек, биздин ордубузду баса турган жаш футболчулардын ийгилик жаратарына ишенем”,- деп билдирген футболчу.
Кошумчалай кетсек, Лэмпард Англия курамасына 1999-жылы алынып, алгачкы ирет майданга Бельгия курама командасына каршы оюнда чыккан. 15 жыл ичинде ал курама менен 106 беттеш өткөрүп, 29 гол жарата алган. Буга чейин Англиянын капитаны Стивен Жеррард дагы курама командада ойнобой турганын жар салган.