Ысык-Көлдө бильярд боюнча 18 жаштан жогорку курактагылар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун ачылышы болду (фоторепортаж)

Кечээ, 27-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар арасында өтө турган мелдештин ачылыш аземи биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев, ЖКнын депутаты, КРнын Бильярд федерациясынын президенти Турсунбай Бакир уулу, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов жана өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевдин катышуусунда өттү.

Кошумчалай кетсек, Дүйнө биринчилигине Азербайжан, Ооганстан, Беларусь, Болгария, Германия, Иран, Казакстан, Кытай, Түштүк Корея, Латвия, Молдовия, Монголия, Пакистан, Орусия, Сирия, Словакия, Тажикстан, Украина, Өзбекстан, Финляндия, Чехия, Эстония жана Кыргызстандын кий чеберлери катышууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан