Бүгүн, 28-августта УЕФАнын версиясы боюнча Европанын акыркы сезонунун (2013-2014) мыкты футболчусу тандалат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул наамга Германиянын дарбазачысы Мануэль Нойер (“Бавария”), Голландиянын жарым коргоочусу Арьен Роббен (“Бавария”) жана Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду (“Реал”) башкы талапкер болууда.
Кошумчалай кетсек, 4-ирет тапшырылуу алдында турган бул сыйлык ээсин аныктоо демилгеси УЕФАнын президенти Мишель Платиниге таандык. Буга чейин бул наамга аргентиналык Лионель Месси, испаниялык Андрес Иньеста жана франциялык Франк Рибери ээ болгон.
Андан тышкары бүгүн УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын кезектеги сезонунун тайпалык баскычы үчүн чүчү кулак ташталат.