Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында “Бавария”, “Манчестер Сити” жана “Рома” бир тайпада ойнойт

Кечээ, 28-августта салтанаттуу түрдө УЕФАнын версиясы боюнча “Европанын мыкты футболчусу” наамы Криштиану Роналдуга тапшырылды. Ошондой эле УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын кезектеги сезонунун тайпалык баскычына чүчү кулак ташталып, 32 команда 8 тайпага төрт-төрттөн бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди.  

Кошумчалай кетсек, Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезонунда бир катар рекорддор жаңыланышы мүмкүн. Төмөндө тайпалар менен жана кайталанышы мүмкүн болгон рекорддор тууралуу жаралып жаткан суроолорго күбө болосуз...

Тайпалар:

“А” тайпасы: “Атлетико” (Испания), “Мальме” (Швеция), “Олимпиакос” (Греция), “Ювентус” (Италия)

B” тайпасы: “Реал” (Испания), “Базель” (Швейцария), “Ливерпуль” (Англия), “Лудогорец” (Болгария)

C” тайпасы: “Байер” (Германия), “Бенфика” (Португалия), “Зенит” (Орусия), “Монако” (Франция)

D” тайпасы: “Андерлехт” (Бельгия), “Арсенал” (Англия), “Боруссия Д” (Германия), “Галатасарай” (Түркия)

E” тайпасы: “Бавария” (Германия), “Манчестер Сити” (Англия), “Рома” (Италия), ЦСКА (Орусия)

F” тайпасы: “Барселона” (Испания), АПОЭЛ (Кипр), “Аякс” (Голландия), ПСЖ (Франция)

G” тайпасы: “Челси” (Англия), “Марибор” (Словения), “Спортинг” (Португалия), “Шальке-04” (Германия)

H” тайпасы: “Атлетик” (Испания), БАТЭ (Беларусь), “Порту” (Португалия), “Шахтёр” (Украина)

“РЕАЛ” 22 ЖЫЛДАН БЕРКИ "САЛТТЫ" БУЗУП, КАТАРЫ МЕНЕН ЧЕМПИОН БОЛО АЛАБЫ? 

Европанын Чемпиондорунун Кубогу деп аталып келген мелдеш 1992-жылы жаңы форматка өтүп, УЕФАнын Чемпиондор Лигасы деп аталган. Ошол жылдан тарта бир дагы клуб бул мелдешти эки жыл катары менен утуп көрө элек. Ооба, италиялык мыкты футболчуларды чогулткан “Милан” дагы, топко ээлик кылып, “тики-така” деп аталган укмуштуу тактика менен ойногон “Барселона” дагы, Зидан, Фигу, Роналдо сыяктуу футболчулардын башын бириктирген “Реал” дагы, Криштиану Роналду-Уэйн Руни тандеминен турган “Манчестер Юнайтед” менен Роббен-Рибери тандеминен турган “Бавария” дагы кезинде бул мелдешти эки ирет катары менен ута алган эмес. 22 жылдан бери келе жаткан “салтты” бузуп, өткөн жылда чемпион болгон “Реал” быйыл да мелдешти ута алабы? Утушу мүмкүн, эгерде башкы машыктыруучу Карло Анчелотти футболчуларды өткөн жылдагыдай шыктандыра алса... Баарын убакыт көрсөтөт.

71 ГОЛ КИРГИЗГЕН РАУЛДУН ИЙГИЛИГИН РОНАЛДУ МЕНЕН МЕССИНИН КИМИСИ БИРИНЧИ КАЙТАЛАЙТ? 

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезону көп атаандаштыкты кайрадан жандантат. Өзгөчө “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду менен “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Мессинин атаандаштыгын катуу курчутуп, жаңы бийиктикке көтөрөт. Себеби бул эки футболчу 71 гол киргизип, рекорд койгон Раулдун ийгилигин кайталоочу чекитте турушат. Роналдунун эсебинде 107 оюнда 68 гол бар. Ал эми Месси 106 оюнда 67 гол киргизген. Демек, алдыдагы сезондо аталган эки футболчу тең шашылыш гол киргизүүгө өтүшөт. Албетте, алар үчүн рекордду кайталоого караганда биринчи болуп кайталоо маанилүү.

Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы мыкты бомбардирлердин тизмеси:

Орун  Оюнчу                                Мекени                     Голдорунун саны

1          Рауль Гонсалес                 Испания                             71 

2          Криштиану Роналду       Португалия                      68

3          Лионель Месси                Аргентина                        67 

4          Руд ван Нистелрой            Голландия                        60 

5          Андрей Шевченко               Украина                             59

6          Тьерри Анри                       Франция                             51 

7          Филиппо Индзаги                Италия                               50 

8          Альфредо Ди Стефано      Аргентина, Испания          49 

9          Эйсебио                               Португалия                         47 

10        Алессандро Дель Пьеро    Италия                                43

11        Дидье Дрогба                      Кот-д’Ивуар                         42 

12        Златан Ибрагимович          Швеция                                41

ХАВИ МАЙДАНГА ЧЫГУУ МЕНЕН ЭЛЕ РЕКОРД ЖАҢЫЛАЙТ 

Жогорудагы рекорддун кайталануусу үчүн Месси менен Роналду кем дегенде 3-4 гол киргизүүгө тийиш. Ал эми эң көп оюн өткөргөн Райан Гиггздин рекордун жаңылоо үчүн “Барселонанын” жарым коргоочусу Хавинин анчалык көп эмгеги талап кылынбайт. Болгону, форма кийип бир оюнга чыгып коюшу керек.

Орун   Оюнчу                                Мекени         Оюндарынын саны 

1          Райан Гиггз                          Уэльс              151

2          Хави                                      Испания         150 

3          Рауль                                    Испания          144 

4          Паоло Мальдини                 Италия            140

5          Икер Касильяс                     Испания          141 

6          Кларенс Зеедорф                Голландия      131 

7          Пол Скоулз                           Англия             130 

8          Роберто Карлос                   Бразилия         128 

9          Карлес Пуйоль                     Испания          119 

10        Андрей Шевченко                Украина           118  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gen_fanat
2014-08-29 15:33:59
Реал жана ЦСКА алга.
0
as.fanat
2014-08-29 15:35:15
...вуачааачь) ана ана башталды майрамдар)))
0
sportsmen.boy
2014-08-29 16:47:28
Барса менен Мессиге ишенем! ЦСКА АЛГА!!!
0
oneulutman
2014-08-29 17:49:19
Бензема, Бейл, Лука Модрич, Хамес, Кроос, Роналдо, Рамос супер машиналар турганда , унчукпай эле койгула барсанын куйормандары)) Ди Мария кетип капа кылды
0
Nursss_Real_Madrid
2014-09-12 09:44:42
ЦСКАга жалко болтат баары бир группадан чыкпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан